Бүгүн, 17-сентябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук акимиатына Кыргыз-Тажик чек арасындагы абалга нааразы болгондор топтолду. Адегенде алар Ак Үйдүн алдына топтолуп, бийликке нааразы экенин айтышкан. Андан кийин митингге чыккандарды милиция кызматкерлери коштоп, акимиатка алып келишкен болчу. Ал жерден митингчилерди акимдин орун басары тосуп алган.
"Акимдин орун басарынын ыйгарым укуктары чектелүү, биз ага талаптарыбызды айта албайбыз", - деди буга нааразы болгон активист Гүлжигит Исаков. Андан кийин райондук администрацияга өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү келишти. Топтолгон эл аларга нааразы болгон жагдайларын айтышты.