Кечээ, 16-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында ок атылып, 41 жаштагы чек арачы Равшан Муминов каза болгон. Мындан тышкары, дагы 13 жаран жаракат алган. Бул окуянын келип чыгышына тажик тараптын такталбаган жерге курулуш иштерин баштаганы себеп болгон.
SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чырдан 1 адам каза болуп, 13 адам жабыркады. Мындай конфликтти болтурбай, алдын алуунун жолу бар беле?" деген собол салды.
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов мындай чатакты болтурбай, алдын алуунун жолу бар болчу деген пикирде. "Биз ал жакка барып, эл менен жолугушканда, жергиликтүү тургундар чек араны делимитация жана демаркациялоо маселеси чечилгенде гана ызы-чуулар токтоп, атышуу болбой тургандыгын айтышкан. Мындай көйгөйдү жергиликтүү бийлик чече албайт. Бул толук бойдон президенттин жоопкерчилигинде, сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши мүмкүн. Бирок жолугушуулар жарым-жартылай өтүп, чыныгы өзгөрүүгө, жер алмашууга барууга биздин бийликтегилердин кайраты, күчү жетпей жатат. Андай маселе көтөрүлсө, биз тараптан же ал тараптан нааразычылыктар күчөйт. Ошондуктан ушул көйгөй чечилбейт. Мурда пикир келишпестиктер таш ыргытуу менен бүтсө, азыр ок атышуу болуп жатат. Бул чоң жаңжалга алып келиши ыктымал. Бул маселенин чечилишин президенттен, Жогорку Кеңештен талап кылышыбыз керек", - дейт Турдукулов.