КҮНСОБОЛ: Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чырдан 1 адам каза болуп, 13 адам жабыркады. Мындай конфликтти болтурбай, алдын алуунун жолу бар беле?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Кечээ, 16-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында ок атылып, 41 жаштагы чек арачы Равшан Муминов каза болгон. Мындан тышкары, дагы 13 жаран жаракат алган. Бул окуянын келип чыгышына тажик тараптын такталбаган жерге курулуш иштерин баштаганы себеп болгон.

SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чырдан 1 адам каза болуп, 13 адам жабыркады. Мындай конфликтти болтурбай, алдын алуунун жолу бар беле?" деген собол салды.

СУБАНБЕКОВ: "Бул маселе толук чечилбесе, ушундай окуялар улана берет"

Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков мамлекет жетекчилери бул маселени чечиши керек деген пикирде. "Мындай окуяны болтурбоо үчүн алдын алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эртең Жогорку Кеңештин палатасында бул маселе каралат. Маселе толук чечилбесе, окуя улана берет. Жаз келсе суу талаш башталат. Тарыхта өмүр бою коңшу мамлекеттердин чатагы суу жана жер талаштан чыгып келген. Мамлекет жетекчилери бул маселени чечиши керек", - дейт Субанбеков.

ЖЭЭНЧОРОЕВ: "Кыргыз-Тажик чек арасында болгон конфликттердин алдын алуунун жолдору бар болчу"

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев бул маселенин алдын алуунун жолдору бар болчу деген пикирде. "Бул орчундуу маселе 28 жылдан бери чечилбей келе жатат. Мындай окуялардын алдын алуу боюнча Жогорку Кеңеш 7 токтом кабыл алган. Ар жылы ушундай чатак болот. Алдын алуу чараларды колдонуунун жолдору бар болчу. Бул жерде жөнөкөй жарандар мушташкан жок. Эки өлкөнүн аскер бөлүктөрү атышты. Албетте, бул орчундуу маселе. Мен кээ бир маселелерди ачык айта албайм. Жабык отурумда купуя маселелерди талкуулап, сүйлөшүп алышыбыз керек", - дейт Жээнчороев.

ӨМҮРЗАКОВ: "Чек арада чыр чыкпашы үчүн алдын алуу иштери жүрүп жатат"

Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков алдын алуу иштери жүргөнүн айтты. "Кыргыз тарап алдын алуу боюнча жумуш алып бардык. Эл арасында түшүндүрүү иштерин бир канча жолу Тажикстандын чек ара кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик менен иш алып барганбыз. Кечээ күнү ушундай окуя болуп кетти", - дейт Өмүрзаков.

ДҮЙШӨБАЕВ: "Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча чоң деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болсо да ызы-чуу чыкканы өкүндүрөт".

Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев буга чейин сүйлөшүүлөр жүргөнүн айтты. "Мындай окуянын алдын алуу боюнча Кыргыз-Тажик президенттери жолугуп, бардыгын тынчтык жолу менен чечебиз деп сүйлөшүшкөн. Премьер-министр, вице-премьер-министрлер деле жолугуп жатышат. Комиссиялар иштеп жатат. Чоң деңгээлде сүйлөшүү болсо дагы, практикага келгенде ушундай ызы-чууга кептелип жатканы өкүндүрөт. Эми кайра эле бул маселени сүйлөшүү жолу менен чечкенге аракет кылышы керек", - дейт Дүйшөбаев.

ТУРДУКУЛОВ: "Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча маселенин чечилишин президенттен, Жогорку Кеңештен талап кылышыбыз керек"

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов мындай чатакты болтурбай, алдын алуунун жолу бар болчу деген пикирде. "Биз ал жакка барып, эл менен жолугушканда, жергиликтүү тургундар чек араны делимитация жана демаркациялоо маселеси чечилгенде гана ызы-чуулар токтоп, атышуу болбой тургандыгын айтышкан. Мындай көйгөйдү жергиликтүү бийлик чече албайт. Бул толук бойдон президенттин жоопкерчилигинде, сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши мүмкүн. Бирок жолугушуулар жарым-жартылай өтүп, чыныгы өзгөрүүгө, жер алмашууга барууга биздин бийликтегилердин кайраты, күчү жетпей жатат. Андай маселе көтөрүлсө, биз тараптан же ал тараптан нааразычылыктар күчөйт. Ошондуктан ушул көйгөй чечилбейт. Мурда пикир келишпестиктер таш ыргытуу менен бүтсө, азыр ок атышуу болуп жатат. Бул чоң жаңжалга алып келиши ыктымал. Бул маселенин чечилишин президенттен, Жогорку Кеңештен талап кылышыбыз керек", - дейт Турдукулов.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан