Тажикстан да Кыргыз элчилигине нааразычылык нотасын тапшырды

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 17-сентябрда Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстандагы иштериндеги ишенимдүү өкүлүнө нааразычылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ТИМинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Тажикстан кыргыз тараптын такталбаган жерге курулуш иштерин баштаган. Ошондой эле Бахор айылына 250-300дөй Кыргыз аскерлери келип, айыл тургундарына курал колдонгон", - деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Сухроб Олимзоданы чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан