Кыргыз-Тажик чек ара чыры. Эки өлкөнүн өкмөт башчылары жолугуп, абалды курчутпай, жөнгө салуу керектигин сүйлөшүштү

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы «Кызыл-Бел» өткөрмө-көзөмөл пунктунда, Кыргыз өлкөсүнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жолугуп, чек арадагы абал тууралуу сүйлөшүү жүргүзүштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде, кечээ ок атуучу курал колдонуу менен болуп өткөн чек ара окуясына байланыштуу кырдаалды басаңдатуу боюнча көрүлгөн чараларга тийиштүү маселелер талкууланды. Эки өлкөнүн өкмөт башчылары курал колдонулган окуя аскер кызматкерлеринин өлүмүнө алып келгендигине байланыштуу өкүнүч билдиришип, курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтышты. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен көп пландуу иштерди активдештирүү жана топтолуп калган чек ара маселелерин жоюу керектиги талкууланды", - деп айтылат маалыматта.

Өкмөт башчылары аны менен бирге, эки мамлекеттин чек ара кызматтарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине бардык деңгээлде, өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнү жана чек ара аймагына жакын жайгашкан айылдардын тургундарына түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырышты.

Тараптар эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгы үчүн чек арага чектеш райондордогу чыңалууну жоюу жана кырдаалды курчутууга жеткирбөө үчүн чараларды кабыл алуу керектиги белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан