Депутат Кожобек Рыспаев Кыргыз-Тажик чек арасында жана Кой-Таш окуясында каза болгон аскерлердин үй-бүлөсүнө эки күндүк айлыктарын бөлүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Баткенде мекенди коргогон чек арачы каза болуп, артында үч баласы калды. Жакында Кой-Таш окуясында аскер каза болду. Депутаттар алардын үй-бүлөсүнө эки күндүк айлыгын жардам катары берип койсок туура болот", - деди Рыспаев.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бул боюнча токтом кабыл алынбай турганын айтып, каалаган депутаттар каражат которсо боло турганын белгиледи. Ал бул сунушту колдоорун билдирди.