Казакстанда сүйлөшкөн кызын зордуктап, Кыргыз өлкөсүнөн колго түшкөн жаран 11 жылга эркинен ажыратылды

2017-жылы Казакстанда сүйлөшкөн кызын зордуктап, Кыргыз өлкөсүнөн кармалган Казак жараны Шокан Абылкасымовго Нур-Султан шаарындагы райондор аралык сот чечим чыгарды. Анда соттолуучу 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жабырлануучуга моралдык зыян катары 1 жарым миллион тенге (273 миң сомго жакын) ал эми материалдык зыян үчүн 135 миң тенге (24 миң сомдун тегерегинде) төлөө милдеттендирилди. Айыпталуучу күчөтүлгөн тартиптеги абакта жазасын өтөйт. Соттук отурумга жабырлануучу Саина Раисова атайын коргоочулар менен келип катышты.

Айыпталуучу Шокан Абылкасымов соттук отурумда көзүнө жаш алып, күнөөлүү эместигин билдирген.

"Мен зордуктаган эмесмин. Аны менен жарым жыл чогуу жашагам. Ал мени зордуктады деп айыптаганга чейин дагы айыптагандан кийин дагы жыныстык катнашка барганбыз. Ал менден көп суммадагы акча жана үй талап кылган. Мен өзүм бул окуяда курмандыкка чабылдым. Балдарым мени зөөкүр катары эстеп калышын каалабайм, ошондуктан мен чындыкты айтып коюну чечтим", - деген ал.

Айыпталуучунун мурунку аялынан эки баласы бар экени жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

2017-жылдын 23-июнунда Астана шаарында Саина Раисова аттуу жаранды эки бала зордуктаган. Аны мурдагы жигити Шокан Абылкасымов үйүнө конокко чакырган. Кыз айтылган дарекке барганда, мурдагы жигити жана анын досу күч колдонуп зордуктап койгон. Ал качып кутулуу максатында көп кабаттуу үйдүн үчүнчү кабатынан секирип, денесинин көп бөлүгү сынып, ар кандай жаракаттарды алган. Бул окуя боюнча Саина Раисова арыз жазып, шектүүлөрдүн бири 10 жылга эркинен ажыратылган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nevestkaa
2019-09-18 12:52:54
Уялбай эле башты бийик көтөрөт го Саина.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан