Кыргыз өлкөсүндө 2018-жылы 239 адам экстремизмге күнөөлүү деп, анын 176сы шарттуу түрдө соттолгон. Бул тууралуу кечээ, 17-сентябрда акыйкатчы Токон Мамытов парламенттик комитеттин жыйынында билдирди.

Тагыраагы, жогорудагы 239 адам диний-экстремисттик материалдарды сактоо жана жайылтуу, террорчул уюмдарды атрибуттарын колдонуу боюнча күнөөлүү деп таанылган. "Колония жана түрмөлөргө 50 гана адам жөнөтүлгөн. Дагы 13 киши айып төлөө менен кутулса, калган 176 адам шарттуу түрдө соттолду", - деди акыйкатчы.

Өлкө аймагы боюнча 2905 расмий катталган диний уюмдар бар. Анын 380и христиандык, 2501и мусулмандык уюм болуп саналат.