Чек ара кызматы: "Кыргыз-Тажик чек арасында абал туруктуу"

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз-Тажик чек ара тилкесинде жалпысынан 5 өткөрүү жайы иштейт. Анын ичинен төртөө күнүмдүк тартипте иштеп жатат. Ал эми Кулунду-унаа жол көзөмөл өткөрүү жайы 17-сентябрда убактылуу токтогон. Үчүнчү өлкөнүн жарандары бул өткөрүү жайынан эч кандай чектөөсүз өтө алышат. Ошондой эле чек ара кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
altyn-kumush
2019-09-18 12:04:36
Жакын арада чек ара толугу менен чечилип, элибиз мурдагыдай тынч жашай баштайт. Элди дүрбүткүсү келгендердин ою ишке ашпай калды.
0
JaneEr
2019-09-18 12:21:38
Абал туруктуу дей берет дагы эле баягы абал талаш-тартыш
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан