Кыргыз-Тажик чек арасында жарадар болгондордун бири Лейлек аймактык ооруканасында комада, абалы оор

Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан жабыркагандардын бири комада. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда 10 адам дарыланууда. Алардын жетөө жалпы палатада болсо, 3 жаран жандандыруу бөлүмүндө. Баарынын абалдары туруктуу. Бүгүн, 18-сентябрда 5 адамга операция жасалат.

"Лейлек аймактык ооруканасында 3 адам дарыланууда. 2 жабырлануучунун абалы оор, бирок туруктуу. Ал эми бир жарадар адам комада, абалы оор", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Кечээ, 17-сентябрда чек арадагы ок атышуудан жабыркаган жарандарды тик учак менен Бишкекке алып келишкен. Алардын арасында 2 аял жана бир бала бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bektur2011
2019-09-18 12:52:31
Кудай шыпаа берип эртэрээк айыгып кетсин.
+5
altyn-kumush
2019-09-18 12:54:41
Ден-соолук тилейли бир тууганыбызга.
+4
Muratmipa
2019-09-18 13:01:11
Аты жону ким экен
+1
muras111211
2019-09-18 16:02:35
Жакшы болуп сакайып кетишсин.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан