ӨКМ: Жайлоодогу чабандар мал-жандыктары менен аман-эсен көчүрүлдү

Кечээ, 17-сентябрда Каракол ашуусунун жайлоосунан Ысык-Ата районунун чабандары көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"16-сентябрь күнү куткаруучулар Нарын облусунун Кочкор району тараптан Кегети ашуусуна чейин барышып, Кочкор районунун Кара-Мойнок айылында түнөп калышкан.

Эртеси 17-сентябрь күнү алар саат 07:00до Каракол ашуусунун жайлоосуна чыгышып, Жаныбек аттуу Ысык-Ата районуна караштуу Чоң-Далы айылынын тургуну 700 баш кой, 40 жылкы, 20 уй менен, ошол эле айылдын Акылбек аттуу тургуну 500 баш кой менен, Ысык-Ата районунун Юрьевка айыл өкмөтүнүн Абай аттуу тургуну 25 баш жылкысы менен Каракол ашуусунда айдап келе жаткан жеринен жолугушкан.

Ден соолуктары жакшы, мал-жандыктары өлгөн эмес. 18-сентябрда Кегети ашуусу менен Чүй тарапка өтүшөт. Кегети ашуусунун жолдору ачык. Каракол жайлоосунда малчылардын маалыматы боюнча дагы 4 короо кой калган, алар 20-сентябрда түшөт", - деп жазылат ӨКМ тараткан маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
titanik32
2019-09-18 14:17:28
ӨКМ уят эле тескерсинен жазыпсыңар малчылар көчүрүлдү деп.Малчылар өздөрү ӨКМ кызматкерлерин таап Бишкеке көчүрүп келиптир го.
+1
katerina.li
2019-09-18 21:10:03
Кочурулбой эле оздору кочуп келишти ,убай чубай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан