Акыйкатчы: "2018-жылы Акыйкатчы институтунун аппарат кызматкерлери 1203 соттук отурумуна катышкан"

2018-жылы Акыйкатчы институтунун аппарат кызматкерлери 1203 соттук отурумуна катышкан. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, 708 жарандын кайрылуусу жеринен каралган. "Жыйынтыгында, адамдардын укугунун бузулушуна жол берген кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылды. Жарандардан келген 3237 кат түрүндөгү кайрылуу 31-декабрга чейин 2841и аткарылды", - дейт акыйкатчы.

Учурда жыйында жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө акыйкатчынын отчёту каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан