Адахан Мадумаровдун чек ара боюнча маалымат жыйыны журналисттер менен талаш-тартышта өтүүдө

Бүгүн, 18-сентябрда саясатчы Адахан Мадумаров Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат жыйын берүүдө. Ага журналисттер тарабынан бир катар суроолор берилүүдө. Анын арасында кезинде сиз кызматта турганда, ошол аймак боюнча протоколго кол койгонсуз деген суроо айтылып, бул боюнча анын билдирүүсүн сурашты. Мадумаров өз кезинде, журналисттер чийки суроону берип жатканын айтып, протокол ратификацияланбаганын белгиледи. Андан кийин, ага дайыма бийликтегилердин колунан иш келбейт деп сынап келесиз деп сындаган суроо да болду. Мадумаровду мындай суроолор ачуулантты.

Буга чейинки билдирүүсүндө, ал чек арадагы мындай абалды болтурбоо үчүн тиешелүү кызматтарга иш билги азаматтарды коюш керек деген эле. Ал татыктуу деп кимдерди көрө аласыз деген суроого: "Бул же тигил татыктуу деп ачык айта албайм. Антсем айрымдары таарынып калышы мүмкүн. Бирок кыргызда татыктуу эр азаматтар көп. Негизинен бийликке кошомат кылып жүргөн, сабатсыз кызматкерлерден арылуу керек", - деди ал.

Мадумаров: "Сабатсыз бийликтин айынан ушул күнгө келип отурабыз"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aruujanshaxi
2019-09-19 08:08:13
Билимдүү адам болуп эмнени чечип кыйратып жатат бул киши түшүнбөдүм.Ошончолук элге күйгөн киши эмнеге Кумтөр боюнча бир да ооз ачпайт же бул кишинин көздөгөнү эле бийликпи? Өзү ойлогондой өтө эле билимдүү патриот болсо эмнеге контрабандист чиновниктер мн күрөшпөйт, эли үчүн коркпой ошолордун атын атабай тайсалдап сөздү айлантат. Колуңда бийлик жокто күрөш күрөшсөң, колуңа бийлик тийгенде эле кыйратмак белең, анда деле коркосуң да. Анда элди кошо курутасың.
0
Aruujanshaxi
2019-09-19 08:11:55
Булар деп укмуш жоо болуп алыптыр го. Өз агасын агалай албаган ит агасын сагалайт болуп. Желмогуз болсо да кыргызбыз тегибиз бир чиновниктер мн. Булар деген сөзүн өз мамалекетине душман адамдай сезим калтырат экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан