Акыйкатчы былтыр 193 жарандан алимент албагандыгы тууралуу кайрылуу түшкөнүн айтты

Акыйкатчы Токон Мамытов былтыр 193 жарандан алимент албагандыгы тууралуу кайрылуу түшкөнүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Сот департаментинин маалыматы боюнча, 2017-жылы алимент албагандыгы тууралуу 166 кайрылуу түшкөн, ал эми 2018-жылы 193 кайрылуу болгон. Ошол эле учурда, чет өлкөлөрдө жүргөн карыз мигранттары боюнча анализ жүргүзбөйт. Акыйкатчы институту тарабынан алименттерди өз учурунда алууга болгон укуктун сакталышына системдүү түрдө мониторинг жүргүзүлүп келет. Акыйкатчынын жылдык баяндамасында берилген бул маселеге байланыштуу, кырдаалды чагылдыруу боюнча Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин дарегине сунуштар иштелип чыгат", - деди ал.

Учурда жыйында жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө акыйкатчынын отчёту каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан