Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча маселени эртең, 19-сентябрда кароону сунуштады.
Анын айтымында, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев учурда тажик тарап менен сүйлөшүү жүргүзүлүп жатканын билдирген. "Өкмөт башчы түштөн кийин бошоп калат экен. Толук маалыматты эртең алсак туура болот", - дейт ал.
Бул сунушту 61 депутат колдоп, бул маселе эртең каралмай болду.
Кыргыз-Тажик чек арасында 16-сентябрда орун алган чыр боюнча маселе парламентте бүгүн саат 14:00дө каралмак.