Ат-Башы районунда 77 жаштагы аял үйүнөн чыккан боюнча 18 күндөн бери дайынсыз

Нарын облусунун Ат-Башы районунда 77 жаштагы аял дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ат-Башы районунун тургуну 31-август күнү саат 10:30 чамасында Ак-Жар айылында жашаган апам Бурул Шергазиева үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголуп жатат деген арыз менен 10-сентябрь күнү кайрылган. Бул факты Ат-Башы РИИБинде каттоого алынган.

Бурул Шергазиеванын өзгөчө белгилери: бою 160 сантиметр, бет түзүлүшү сүйрү, чачы кыска.

Кийген кийимдери: башында ак гүлдүү жоолук, үстүндө кызыл түстөгү жемпир, кара сызыктары бар кызыл көйнөк, бутуна маасы-көлөч кийип жүргөн.

Жогорудагы факты боюнча Ат-Башы РИИБинин кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Сүрөттөгү жаранды көрүп билгендер болсо, төмөндөгү номерлерге чалып коюуңуздарды милиция кызматкерлери суранат.

Байланыш телефону: 03534 23-2-83, 0702 22 74 74.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан