КҮНСОБОЛ: Балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү акыркы эки жылда өстү. Бийлик балдардын маселесине, келечегине кайдыгерлик кылып жатабы? Дастан Бекешев: "Тиешелүү министрликтин жетиштүү деңгээлде иштегенге каражаты жок"

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Токон Мамытов балдарга карата зордук-зомбулуктун саны өсүп жатканын билдирди. Анын айтымында, 2018-жылы балдарга карата жасалган кылмыштардын саны 1368ди түзөт. 2016-жылдан тартып жашы жете элек балдарга карата жасалган кылмыштардын санынын өсүш тенденциясы сакталууда.

Акыйкатчы Кыргыз мамлекетинде кылмыштардын саны тынымсыз өсүп жатканын, эки жыл аралыгында 28,4 пайызга жогорулаганын белгиледи.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү акыркы эки жылда өстү. Бийлик балдардын маселесине, келечегине кайдыгерлик кылып жатабы?" деген собол салды.

Бул суроого Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жооп берип, бул багытта жасалган иш-аракеттер жетишсиз болуп жатканына токтолду.

"Бир топ эле жумуштар болуп жатат. Бирок бул жетишсиз. Буга себеп - ошол эле каражаттын жетишсиздиги. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги атайын бөлүм бар. Алар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ата-энеси жок балдардын же ата-энеси чет өлкөгө кеткен балдардын жашаган үйүнө барып, кабар алып, жашоо шарты менен таанышып, көйгөйлөр болсо тиешелүү тараптар менен чечип турушу керек. Бирок ал министрликте мындай иштегенге шарт, мүмкүнчүлүк жок. Биз тараптан тапшырмалар берилип эле жатат, бирок баары келип каражатка такалат. Ошол эле министрликте иштегендердин өздөрү аз айлык менен отурушат", - деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан