Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров: "Балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө карата атуу механизмин киргизүү керек". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Токон Мамытов балдарга карата зордук-зомбулуктун саны өсүп жатканын билдирди. Анын айтымында, 2018-жылы балдарга карата жасалган кылмыштардын саны 1368ди түзөт. 2016-жылдан тартып жашы жете элек балдарга карата жасалган кылмыштардын санынын өсүш тенденциясы сакталууда.

Акыйкатчы Кыргыз мамлекетинде кылмыштардын саны тынымсыз өсүп жатканын, эки жыл аралыгында 28,4 пайызга жогорулаганын белгиледи.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү акыркы эки жылда өстү. Бийлик балдардын маселесине, келечегине кайдыгерлик кылып жатабы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун пикиринде, кыргыз калкы сан жагынан өсүүдө коңшу мамлекеттерден бир топ артта калды. Мындан улам, балдарга көңүл буруу чараларын тезинен жакшыртуу керек.

"Бул коомдогу болуп жаткан көрүнүштөр өсүп келе жаткан муунга аябай катуу таасир берип жатат. Бир миллиондой жараныбыз акча табабыз деп чет өлкөдө жүрөт, алардын балдары туугандарынын, жакындарынын колунда калып жатат. Ошолорду биз карашыбыз керек эле, шарты туура келбей жатса, интернатка орноштуруп, дагы башка жагдайларды карашыбыз керек. Мен кызыгып изилдеп көрсөм, зордук-зомбулукка кабылган балдардын ата-энеси жок же чет өлкөдө жүрүшкөндөр экен. Биринчиден, өкмөт да, парламент да ушуга чоң көңүл бурушу керек.

Экинчиден, жакында эле АКШнын президенти курал колдонуп, элди аткандарга карата өлүм жазасын киргизди. Биз да балдарга карата зордук-зомбулук кылгандарга атуу механизмин киргизишибиз керек. Анткени адамда коркуу болбосо, ал өзүн кылмыштан тыя албай калышы мүмкүн. Көчмөн элдерде, анын ичинен кыргыз элинде "зордуктоо" деген сөздүн синоними жок. Себеби, көчмөн элдерде бойго жете элек кызды зордуктагандарды өлүм жазасына тартып салчу экен. Күчтүү жазаны кабыл алуу механизми менен балдарга карата кылмыштуулук аз болот беле деген пикирди айтат элем.

Мындан тышкары, калктын көбөйүүсү боюнча да биз коңшу өлкөлөрдөн бир топ артта калдык. Ар бир төрөлгөн балага чоң көңүл буруп, аяр мамиле жасашыбыз керек. Мен депутат болуп жүргөн жылдарда да, буга чейин өкмөттө жүргөндө да бир ойду ойлоп жүрөм. Ал балдардын келечегин ойлоп, ар бир төрөлгөн балага аманат китепчесин ачып берсек. Жылына 10 миң сомдон салсак, бала 18ге чыкканча 180 миң сом акча топтолуп калат экен. Бирок эми экономика жакшы өнүкпөй жатат, бюджет тартыш болуп жатат деп жатышат.

Менин оюмча, азыр биз өлкөдөгү өтө жакыр жашаган 9 миң үй-бүлөнү колдоого алып, балдарын бекер окутуп, бала бакчаларга акысыз алышыбыз керек. 220 миң үй-бүлө жакыр жашайт, аларга да экинчи кадамда жардам берилиши керек. Ушундай кечиктирилгис чараларды жасабасак, биз улут катары өсө албай жатабыз, өлгөн менен төрөлгөндөрдүн саны бирдей болуп жатат. Бизде жаштар үйлөнүп, үй-бүлө, бала күткөндүн ордуна жумуш менен алектенип алыска кетүүгө аргасыз болуп жатышат", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан