Депутат Аалы Карашев: "Балдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөндөргө жазаны күчөтүү керек". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Токон Мамытов балдарга карата зордук-зомбулуктун саны өсүп жатканын билдирди. Анын айтымында, 2018-жылы балдарга карата жасалган кылмыштардын саны 1368ди түзөт. 2016-жылдан тартып жашы жете элек балдарга карата жасалган кылмыштардын санынын өсүш тенденциясы сакталууда.

Акыйкатчы Кыргыз мамлекетинде кылмыштардын саны тынымсыз өсүп жатканын, эки жыл аралыгында 28,4 пайызга жогорулаганын белгиледи.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү акыркы эки жылда өстү. Бийлик балдардын маселесине, келечегине кайдыгерлик кылып жатабы?" деген собол салды

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев бул маселеге өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин айтты.

“Балдарга карата зомбулук көрсөтүүнүн санынын көбөйүшүн статистика көрсөтүп жатат. Буга тийиштүү мамлекеттик органдар, бийлик өзгөчө көңүл буруу керек. Себеби, балдардын укугун коргоо, адамдын укугун коргоо ар бир мамлекеттин түздөн-түз милдети. Зордук-зомбулуктун санынын өсүшү ойго келбеген нерсе. Бул өтө катуу көзөмөлгө алынышы керек. Өкмөт тийиштүү мыйзамдарга сунуштары менен келсе, колдоп берет элек. Жазаны күчөтүү керек”, - дейт Карашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан