Милиция ата 2 жашар кызын уруп жаткан видео тарады. Ош ОИИБи бул окуя боюнча кыздын апасы арыз менен кайрылганын билдирди

Интернетте кичинекей кызды ыйлаганы үчүн бир нерсе менен чаап жаткан видео тарады. Окуя унаанын ичинде болгон. Анда милиция кызматкеринин формасын кийген адам наристени уруп жатканын, аялынын "урба, жүрөгү түшөт" деп айтып жатканын да угууга болот. Бул окуя боюнча Ош ОИИБинин басма сөз кызматы төмөнкүчө маалымат берди.

Маалыматка ылайык, 18-сентябрь күнү жактоочу Айсалкын Карабаева өзүнүн Фейсбук баракчасына "өз кызына кордук көрсөткөн милиция кызматкери жоопко тартылбай жатат. Бул тууралуу наристенин апасы арызданууда" деп жазып чыккан. Бул билдирүүдөн кийин Ош ОИИБинин жетекчилиги тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Анда 31-май күнү Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүнө 30 жаштагы О.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда 31-май күнү саат 10:00 чамасында Кара-Суу районунун Мады айылында жолдошу Дэу-Нексия үлгүсүндөгү унаасынан 2 жашар кызы А.А.ны эч себепсиз уруп, денесине жараат келтиргендигин билдирген. Ошондой эле жолдошуна карата чара көрүүнү суранган. Бул факты Кара-Суу РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "денеге залал келтирүү" беренеси менен катталган.

"Тергөө учурунда кыздын атасы М.А. Кара-Суу РИИБинде иштегени такталган. Ал ошол окуя катталган күнү үй-бүлөлүк шартына байланыштуу өз арызы менен кызматын тапшырган. Ал үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен улам ачууга алдырып, ушундай окуя болуп кеткенин айтып берген. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары аяктап, сотко жөнөтүлүү алдында турат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Милиция кызматкери өз кызын уруп жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (40)
LittleBarbie
2019-09-19 21:43:00
Былжырап урбан жаш балаго деп отургуча шарт туруп алып алса олобу аялы!!!Видеого тартып журогу чыдап отурганына караганда озу деле урат бул!!Байкушум апалап буралып колун созуп атат отурат былтыйып спокойно,урбан деп койуп.
+11
Mama-Yasmin
2019-09-20 00:25:06
Колун сынсын акмак... Кудай жазанды эки эселеп берсин......
+4
Meken28
2019-09-20 05:19:39
Apasy ekoon ten kamash kerek baikush bala.Apaa apaa deit apasynyn kylganyn.Atasy kamalyp chykpai kalsa eken.Je ayaldy da urup jurgon kattuuu ele.kudai bilet.Birok jash balachy baikushym chyrkyrap yilap atat jurogundu syzdatyp (((Amerikada balany oshentip sabasyn ata ene ekoon ten kamap ataenelik ukuktan ajyratyp salat
+2
nazira...
2019-09-20 09:42:18
Акмак катын экен, орозосуз деп "сиз" деп коюп куйоосун кантип тарттып чыгарды экен. Кандай катын чыгат будан. Мен куйоосун эмес катынын жаман кордум, менттердин кобу эле ушундай болушат, чыдаган аял чыдап жашайт. Сен бу турушунда кайын ата, кайын эненди ушинтип чыгарасын го. тарибиясы жок, жашап атасынбы, куйоонбу, баланбы, не мынтип чыгарасын жанында жаткан куйоонду. Унун кара противно.
+3
nazira...
2019-09-20 09:47:43
Машинанын ичинде кичинекей бала эненин алдында отурат. Сен алдыга атайын отургузгансын ушинтип ыйлатып жинине тийгизип анан тартам деп. Менттерден жакшы уйронупсун быягын, бирок оз куйоонду мынткенин болбойт. Сен да чегине жетип калган окшойсун.
+2
bema_bema
2019-09-20 11:57:38
nazira...,Ошону айтам ,кичинекей кыз неге апасы менен аркага отурган эмес.Атайлап алдын ала пландалып тарткандай туйулду,Кудай сактасын менин козумчо ошондой урса ,балдарым учун олумго тика туруп жулуп алмакмын колунан,темболее кыз баланы.Аялдан жакшы нерсе чыкпайт.Куйоосун сиз деп мынкылдабай кал,видеону тартканды билесин ,арызданганды билесин ,кызыны неге зоокурдун жанына алдыга отургуздун.
+3
Shaa-82
2019-09-20 09:55:22
Колун сынсын ылайым! Ошол кызды урган колдорун шал болсун! Ошол кичинекей наристенин колун карап калсан экен. Аялы да акмак экен карап телефонго тартып, ала кой журогу тушсо. Балан жон эле ыйлап калса жаныны бергин келетго. Ыйлагым келди байкуш десе, бала ыйлайтда анан.
+2
SweetLady
2019-09-20 10:02:12
Акмак, келесоо! Колун сынгыр, колуна шал тийгир. Оз канынан жаралган баланы чырылдатып сабап жатканын. Аялы дагы коркуп турат урба деп. Аялын дагы ушинтип сабаса керек да бул акмак. Жоопко тартыш керек мындай келесоолорду. Башкаларга дагы сабак болот. Апасы кайра "атасы эле" деп жазган арызын кайтарып албастыр баласына ичи куйсо!
+2
Chika190103
2019-09-20 11:37:31
"Апа"-деген кандай улук ат ээ? Апалап чакырган адамга зар болуп калаар аял экенсин. Оз убалын озуно болуп зыркырайсынго бир куну. Периште баланы зарлаткан силер адамдык атка татыктуу эмессинер.
+3
Avrora2017
2019-09-20 12:04:18
Кок мее комментчилер аялга асылбагылачы кабанак иттерче ажылдап,она причём тут эшек эркек сооройго асылбайсынарбы туркойлор, видеого айласы кеткенде тартып алса керек чтоб доказать действительно уруп журот деп, кызын ушунча сабаса могул эшек мент аялын вообше жанчып сабаса керек,видео жок болсо аял эштеке кыла алмак эмес биздин ментерди билесинер кандай наадан акмак экендерин ,наоборот аялынын мойнуна жуктоп коймок, арам ментерден баарын кутсо болот
0
Altunbek20
2019-09-20 12:46:25
Avrora2017,туура айтасын,андайды кутсо болот ушундай адамдардан
+1
Mamiev
2019-09-20 15:53:40
Avrora2017,Сен мээн ошол коментарийге жеттиби. Эне деген баланы өз жанын тобокел кылып болсун да ортого түшөт. Айван да карап турбайт жырткыч келсе алышат баласы үчүн.Ошол видоего тарканча болушса болбойбу. А балким кызын өтө катуу сабап эсин оодарып койсо да видеого түшүрүп тура береби доказательство болот деп
+1
Avrora2017
2019-09-20 18:49:10
Mamiev, ээ алдагы тупой акылынды итине айт сойруйбой , тим эле баарын акылдуу болуп кетесинер анан сойрундоп, эмне максатта тартканы ясно болуп турбайбы
0
elyadayan
2019-09-20 12:45:43
Атасы мейли таш боор акмак экен,апасы эмнеге карап турат койууун,, деп коюп куйоосу ушунчалык эле кан кор болсо да баласын албайбы кантип журогу чыдап турат
+1
GOOD-MOOD
2019-09-20 14:26:38
Bırınchıden jash balany detskyi kreslogo oturguzush kerek ataiyn mashına uchun jol erejesı boiuncha a ekınchıden vıdeogo tartkandyn orduna ayaly balany janyna alsa bolmok jazaga tartsa ekoonu ten tartysh kerek
0
Mamiev
2019-09-20 15:50:25
Мээн менен сенин акмак ата экенсиң кантип бир татынакай ширин кызыны урдун колуна койдун т...гы. Апасы на сөз жок. Эне деген өзүнүн жанын тобокелге салып баласын төрөп ошол бала үчүн жанын бергенге даяр. Айван да жырткычтан өз баласын корголойт акмак. Куйон олтуруп койбойт го алып койбойсунбу кызыны. Байкуш тили бал кыз уйду уйду деп сүйлөп жатат
+1
arena2014
2019-09-20 17:04:14
Орозо имиш дагы
+1
nur72
2019-09-20 17:51:43
Акмак сөз жок сөз
0
Avrora2017
2019-09-20 18:51:24
Наказать шакалды, колун сындырып турмого камап койсо жакшы болмок, сасыган менти
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан