"Кызматкерлер жөлөк пулду тааныштарына чегерип коюшат же акча алып чыгарышат" деген кептерге министрлик жооп берди

Бүгүн, 20-сентябрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымат жыйын өткөрүп, жөлөк пул, сүйүнчү пул, компенсация иретинде берилүүчү төлөмдөр тууралуу түшүндүрмө беришти.

“Балага сүйүнчү пулду алуу үчүн эч кандай документтин кереги жок. Ата-энелер баласына күбөлүк алганда эле, Жарандык абалдын актыларын каттоо органдары болобу же болбосо калкты тейлөө борборлору, маалымат күркөлөрү болобу аларга оозеки сүйүнчү пул тууралуу кайрылат. Электрондук түрдө ошол жерден эле сүйүнчү пул тууралуу документ мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан толтурулуп жөнөтүлөт. Ошол замат маалымат иштетилип, эки күндүн ичинде жарандар сүйүнчү пул алат. Акчаны алууда мамлекеттик РСК жана Айыл Банктын филиалдарына кайрыла алышат. Сүйүнчү пул тууралуу билдирүү жөнөткөндөн кийин, жарандын телефонуна СМС-билдирүү келип түшөт. Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймактарынан акчаны алса болот. Бул Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына өлкөнү санариптештирүү жарлыгынын негизинде жасалган иштер”, - деди маалымат жыйынга катышкан министр Улукбек Кочкоров.

SUPER.KG министрге “Айыл жергесинде жашап, бирок кандайдыр бир себептер менен Бишкек шаарына келип көз жарган энелер, борбордо туруп эч тоскоолдуксуз сүйүнчү пул алса болобу?” деген суроону узатты.

“Балага сүйүнчү боюнча эне Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймактарындагы калкты тейлөө борборлоруна барып, арыз тапшырса болот. Жашаган жеринен аныктама албай туруп, акчасын алууга укуктуу”, - деп жооп берди министр.

Мындан тышкары, жыйында коомдук көзөмөл тууралуу да айтылды.

"Жөлөк пулдарды колунда бар адамдар деле алып жүргөн фактылар кездешет. Ошол учурда коомдук көзөмөл бул процесске таасир бере алабы?", - деген суроого министрдин кеңешчиси Дайырбек Орунбеков жооп берди.

“Эл арасында жөлөк пулдарды тааныштарына чегерип коюшат же акча алып, жөлөк пул чыгарышат" деген нааразычылыктар болуп келген. Мындай көрүнүштү жоюу максатында ар бир айылга жөлөк пул алуучулардын тизмесин илдик. Ар бир айылдын эли кимдер жөлөк пул алып жатканын көрө алышат. Муну менен элдик көзөмөл болуп, мамлекет тарабынан берилген көмөк даректүү жетет. Мындан тышкары, аймактарда курамы активдүү жарандардан турган коомдук комиссиялар түзүлгөн. Алар биздин райондук жана шаардык башкармалыктын ишин көзөмөлдөй алышат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
jalguzum
2019-09-20 17:13:12
Пасобия алуу учун азыр кандай документтер керек?
+1
alaialaibekov
2019-09-20 17:30:27
Эмне учун бир айылда ар айда 5эле документ кабыл алынат?мурун баарын эле кабыл алышчу .Же эмне эптеп убакыттан утуш керекпи?
0
Kyrgyz_bloger
2019-09-20 17:39:25
Кунуно 2-3 мин сомдон тапкан адамдар деле суйунчу алат экен,огуздой кучу бар баардык иште иштей турган болбогон кичине нерсе учун деле пасобия алган адамдарды кордум,бул негизи туура эмес деп ойлойм мамлекеттин бьюджетин карапайымдан чиновниктерге чейин баарыбыз тоной берсек карыздан кантип кутулабыз качан онугобуз.
+1
Jelezo
2019-09-20 17:53:59
1500 дөн 2000 сомго чейин ставка коюп алышкан ошол акчаны алмайынча чыгарбайт.
+2
interpol
2019-09-20 19:03:05
Улукбек Кочкоров ушул тармака келгенде корупсияны жойот деген ой болду эле андай болгон жок. Мурун кандай болсо ошол бойдон. Пасобия тапшырууда ар алты ай сайын болуш керек так эсимде жок токтоп калат. Кайра документ чогултуп кайра тапшырганда ачык эле акча талап кылат. 500 сом бересиң өткөзуп берем деп. Мен муну эч кандай ойдон чыгарган жокмун. Бул болуп аткан иш.
+2
muras111211
2019-09-20 19:52:58
Мен соц.защитага барып пособиеге документ тапшырсам болобу десем,түстүү сыналгы,авто унаа,муздаткыч,жада калса уйдун короосу тосулбаш керек экен,атайын комиссия келип текшерет экен,мен ал кезде мамлекеттик жумушта иштеп декретте болчумун,иши кылып оңой менен бербейт экен,же тааныш салыш керек беле.
+3
munar1980
2019-09-20 23:05:45
Соц мнистринин вотсап номер болсо ошону калтырсанар мен жонотом кантип акча алып жатышканын видео или фото аудио баарын
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан