"Аймактарды өнүктүрүү жылында" Кыргыз өлкөсүнүн аймактарында "кышка даярдык" деген шылтоо менен электр энергиясы суткалап өчүрүлүүдө

Акыркы убакта өлкөнүн ар кайсы аймактарынын тургундары электр энергиясы сааттап өчүрүлүп жатканын, айрым учурда бир канча күндөп жок болуп жатканын айтып арызданышууда. Ошондой эле кээ бир жашоочулар электр энергиясынын кубаттуулугу төмөн болуп жатканын, лампалар үлбүлдөгөн чырак сыяктуу эле жарык берерин да айтышкан. Атүгүл айрым мамлекеттик мекемелер электр энергиясы жоктугуна байланыштуу ишин токтотуп коюшары да маалымдалган. Мындай нааразычылыктардын четин эле окуу үчүн "Элдик кабар" рубрикасына баш багуу жетиштүү.

Ал эми электр энергиясы менен камсыздаган ишканаларга кайрыла келгенде, жаттап алгандай "кыш мезгилине карата даярдык көрүп жатабыз, оңдоо иштери жүрүүдө" деген жоопту айтышат. Бул окуя бүгүн да кайталанды.

Бүгүн, 20-сентябрда Түп районунун тургуну 2 күндөн бери электр жарыгы өчүп жатканын айтып, "Бакиевдин заманы келдиби, ошол кездегидей маал-маалы менен өчүрүү башталдыбы?" деп суроо салды. Ага "Чыгыш электр" ишканасынын Түп районундагы башчысынын орун басары Мирбек Ажыбаев "оңдоп-түзөө, кышка даярдануу иштери жүрүүдө" деп тим болду.

2018-жыл да, кийин 2019-жыл да президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыяланган. "Айылды өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү дегенди билдирет" деген мамлекет башчынын жарлыгында бир топ иштердин арасында аймактарда энергетикалык инфраструктураны жаңылоо жүрүп жатканы жазылган. Бул кагаз жүзүндө...

Иш жүзүндө аймактарда суткалап электр энергиясын өчүрүү токтобой жатат. Бул аралыкта элге бир топ кыйынчылык жаралууда. Аймактарда электр энергиясынан башка альтернатива жок. Мисалы, электр энергиясына көз каранды болгон адамдын жарыктын жанышын күткөндөн башка айласы жок. Элементардык керектөөнү камсыз кылуу - бул бийликтин башкы милдеттеринин бири. Эгерде аймактарда электр энергиясы суткалап өчүрүлө берсе, анда кантип өлкөдө өнүгүү болот?

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sakubek
2019-09-20 22:41:21
Аймак эмес Бишкектин озундо кундо 10-15 жерде эртеден кечке очуп атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан