Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кечээ, 20-сентябрда Оренбург облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Анда Кыргыз өлкөсү Орусиянын эки тараптуу кызматташтыгынын азыркы абалы, актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды. Путин өлкөлөрдүн бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташтыгы уланып жатканын белгиледи. Ал эки мамлекеттин аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыгы дагы жакшы жагынан уланып жатканын кошумчалады.

Владимир Путин «Борбор-2019» биргелешкен стратегиялык командалык-штабдык машыгуулар кандай болбосун күтүүсүз кырдаалдарга туруштук берүү учурунда, анын ичинде террорчулук менен күрөшүүдө дагы өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн даярдыгынын абдан маанилүү баскычы болуп саналарын белгиледи.

Жээнбеков Путинге чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, «Борбор-2019» аскердик машыгуулардын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады. Ал өткөн машыгуулар өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрү үчүн сыймыктанса болорун айгинелеп турганын белгиледи. Эки өлкөнүн аскердик топтору эки жана көп тараптуу форматта активдүү кызматташып жатканын канааттануу менен баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан