Бүгүн, 21-сентябрда дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргыз мамлекетинде «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» (World Clean Up Day) глобалдык экологиялык жарандык акциясы өтүп жатат. Бул акциянын максаты коомдук жайларды таштандыдан тазалоо жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана калдыктарды туура жок кылуу аркылуу айлана чөйрөнү коргоо болуп саналат. Анын алкагында, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үй-бүлөсү менен бирге Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан «Ынтымак» ачык сейил багынын аймагына бир нече көчөт отургузду.
«Мен бүгүн атайын чыгып, борбор калаабызды жашылдандырууга өз салымымды кошууну чечтим. Бош жер турса, ал жакта эмне курууга боло турганын олуттуу ойлонуу керек, бул сөзсүз эле үй же башка объект болушу кажет эмес. Эл сейилдеп, таза аба менен дем алып, бош убактысын өткөрө турган эс алуу жайларына муктаж. Ошондуктан биз борборубузга эң жашыл шаарлардын бири деген атагын кайрадан кайтарууга умтулабыз», - деди өкмөт башчы.
Андан соң премьер-министр өкмөттүк аппараттын кызматкерлери жана «Эко Деми» коомдук фондунун өкүлдөрү менен биргеликте Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндөгү катуу тиричилик калдыктарын жана полиэтилен баштыктарды тазалоо боюнча ишембиликке катышты.
«Мен бүгүн ишембиликке бекеринен балдарымды ээрчитип чыккан жокмун. Бул сапаттарды бала чактан калыптандыруу керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Акыркы учурда Жогорку Кеңешке шайлоо мөөнөтүнөн мурун өтөт деген кептер тыйылбай жатат. Буга карата парламенттин спикери да өз позициясын билдирген.
Саясатта шайлоо жакындап калганда, ага катыша тургандар өзүн элге жакын көрсөтүүгө аракет кылып, атүгүл үй-бүлөсүн да эл көзүнө алып чыга баштары көнүмүшкө айланган.