Ырчы Курал Чокоев кырк жылкылуу болду. Ырчынын жубайы Жанара бүгүн, 24-сентябрда борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды. Жубайым 5 саатка жакын толгоо тартты деген Курал Чокоев буларга токтолду.
"Жубайымдын толгоосу саат 14:00дө башталган. Кечки саат 18:50дөн өткөндө кызыбызды жарык дүйнөгө алып келди. Төрөткө мен дагы катыштым. Кызыбыздын салмагы 3 килограмм 290 грамм, бою 52 сантиметр болду. Учурда эне, баланын абалы жакшы.
Буга чейин кыздуу болорубузду билчүбүз. Алдын ала Акылман деген ысым тандап койгонбуз. Биринчиден, нукура кыргызча ат, экинчиден кызыбыз акылдуу болсун деген тилек менен ушундай ысым ыйгардык", - дейт ал.
2018-жылдын 24-сентябрында ырчы Курал Чокоев бойдокчулук менен коштошуп, Чолпон-Ата шаарында кыз узатуу тою өтүп, андан соң жубайын өз үйүнө алып кеткен. Ал эми түгөйлөрдүн үлпөт тою 30-октябрда Бишкектеги тойканалардын биринде өткөн.