Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде "Кербен" аэропортун ишке киргизүү тууралуу" токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулду.
Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевдин берген маалыматы боюнча бүгүнкү күндө аэропорттун имаратын оңдоп-түзөө толугу менен жыйынтыкталып, тиешелүү аэронавигациялык жабдуулар алынган.
Депутат Алмазбек Эргешов "Кербен" аэропортунун ишке кирбей турушу авиация тармагын өнүктүрүү саясатына жооптуу болгон Транспорт жана жол министрлигинин кайдыгер мамилесинен улам болуп жатканын айтты. "Премьер-министр өзү барып аэропорттун ачылышына катышкан. Бул тууралуу бир канча күн телеканалдарда жаңылыктар берилген. Элде бул аэропорттон самолеттор учуп, каттам жүргүзүлүп жатат деген түшүнүк калган", - деди Эргешов.
Талкуудан кийин комитет мүчөлөрү берилген маалыматты эске алуу менен тиешелүү министрлик менен мекемелерге "Кербен" аэропортун колдонууга берүүнү ыкчамдатууну тапшырышты.