Бишкектеги 7-апрель көчөсүндө Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа аял кишини сүзүп, ал окуя болгон жерден каза болду. Маалыматты Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктады.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 24-сентябрь күнү саат 20:30 чамасында болгон. Анда 41 жаштагы Mercedes-Benz Sprinter унаасынын айдоочусу аялды жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн сүзгөн. Жабырлануучу кырсык болгон жерден каза болгон.
Учурда унаа айып короосуна токтотулуп, бардык чогулган материалдар Бишкек ШИИББинин тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.