Ырчылар Марс менен Кудайберди Айтбосунов казанга тамак бышырса, Саниа боёнуп отурду

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунун 12-күнүндө катышуучулар оюн башталганга чейин казанга тамак жасашты. Алар таймашта утуп алган азыктарын чогултушуп, курсак тойгузуунун амалын көрүштү. Бири картошка аарчып, туураса, дагы бири очокко от жагып, казан асты.

Ырчы Кудайберди Айтбосунов казанга картошка кууруп, тез даярдалуучу кесмени кошуп демдеди.

Жигиттер тамак бышырып жатса, Саниа боёнуучу каражаттарын алып чыгып, сулууланып отурду.

Кырмычыкты жакшы көрөм деген Марс казандын түбүндө калган тамакты кырып жеп отурду.

Тамактанган катышуучулар кум жээкке чогулушту. Бул ирет оюнчулардын шайын оодарган таймаш болду. Жерден жарым метр бийиктикке коюлган устунга бирдей өлчөмдөгү такталар коюлду.

Тактанын бир учуна оюнчу отурса, бир башына суу толтурулган чака коюлду. Алар канча убакытка чейин тактанын башындагы сууну кулатпай, узак убакыт тура алганын сынаган оюнда күтүүсүз окуя орун алды. Тактап айтканда, ырчы Саниа оюндан четтетилген катышуучунун ордуна каалоочулар кетсе болобу деп сурады. Санианын айтымында, оюн башталгандан бери эле айрым атаандаштарына күйөрмандык кылып келе жатат. Ар ким өзү үчүн күрөшөт деген жоопту уккандан кийин, ал атаандаштарын жакшы көрөрүн айтып, ийгилик каалап, өз каалоосу менен оюндан чыгып кетти.

Эрежеге ылайык, таймашта ким биринчи болуп оюндан чыкса, ал автоматтык түрдө долбоордон четтетилмек.

Санианын бул чечими каршылаштары үчүн таң калычтуу болду. Марс Санианын мындай чечимине баа берип, эркектер кылганга дити барбаган ишти аткарганын айтат.

"Оюн аябай татаал экен. Башында бутум ооруп жатканын сезип жаткам, андан кийин билбей калдым. Көптөн бери мындай абалда отура элек болчумун. Биздин буттарыбыз калтырап, терибиз куюлуп, чакадагы сууларыбыз чайпалып, төгүлүп жатса, Саниа кыймылдабай отурду. Негизи Саниа аягына чейин турса, жеңишке жетмек. Бирок айым болсо дагы чыныгы эркектин ишин жасады. Чындыгында мындай болот деп күткөн эмесмин", - деди ал.

Спорт менен алектенип, залга барган Кудайберди Айтбосунов машыккан менен таймаштын айырмасы чоң экенин, буттары калтырап калганын айтат.

"Саниа күчтүү, эрктүү кыз. Айым эмес эркек десем дагы болот. Бизге мүмкүнчүлүк бергенине ыраазычылык", - дейт Айгерим Ибрагимова.

Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.

Алгач катышуучулар "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" деген командаларга бөлүнүшкөн. Долбоордон биринчи болуп Зарылбек Аликенов, Азамат Мамбетов, Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков, Азамат Аманидинов, Айгерим Эшим, Калыс Жакыпов, Назэль жана Замира Хатамова четтетилген.

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.

Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу, "Bizon" энергетикалык суусундугу жана "Шах" чайы. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.

Финалчылар аныкталды. Кайсы оюнчу өз каалоосу менен кетти? (12-күн)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aza84
2019-09-27 07:50:10
Саниа эркекче поступка
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан