Түркиянын Стамбул шаарында катуу жер титирөө катталды

Бүгүн, 26-сентябрда жергиликтүү саат боюнча 13:59да Түркиянын Стамбул шаарында катуу жер титирөө катталды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Кандилли жер титирөө изилдөө институтунун билдирүүсү боюнча, жер титирөөнүн күчү 5,8 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Силиври аймагынан 7 чакырымга жетпеген жерде болгон. Жер титирөө бүт шаар боюнча сезилген.

Учурда Стамбулда мектеп, оорукана жана соода борборундагы адамдар эвакуацияланды. Телефон линиялары өчүп, шаар тургундары байланышсыз калышты. Учурда шаарда туруксуз абал, элдер үйлөрүн таштап эшикке чыгышты.

Буга чейин, эки күн мурун да Стамбулда күчү 4,7 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Кандилли жер титирөө изилдөө институту ушул жылдын жай айларында Стамбулда күчтүү жер титирөөлөр болорун божомолдогон.

Түркияда расмий түрдө 25 миңге жакын Кыргыз жарандары катталган. Алардын көбү Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия шаарларында жашашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sher90kgz
2019-09-26 18:52:58
Алла озун сакта тилсиз жоо кырсыктан.
+2
Ziregim
2019-09-27 13:09:26
Мармара денизине жакын жерде болоору, бирок кайсыл убакта болоору айтыла элек болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан