"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунун финалисттерине акчалай сыйлыктар тапшырылды. Сертификат ээлерине акчалай байгени тапшыруу кечеси 30-сентябрда Бишкекте орун алды.
Бул кечеге 14 катышуучунун баары келип, бир дасторкон үстүндө маектешти. "Супер-Инфо", SUPER TV жана SUPER.KG порталынын жамааты финалга чыккан ырчылар Марс, Кудайберди Айтбосунов жана Айгерим Ибрагимовага акчалай сыйлыгын тапшырды.
"Супер баатыр" Кубогунун ээси Марска 100 миң сом, 2-орундун ээси Кудайберди Айтбосуновго 50 миң сом, 3-орунду ээлеген Айгерим Ибрагимовага 20 миң сом тапшырылды.
Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашады.
Алгач катышуучулар "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" деген командаларга бөлүнүшкөн. Долбоордон биринчи болуп Зарылбек Аликенов, Азамат Мамбетов, Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков, Азамат Аманидинов, Айгерим Эшим, Калыс Жакыпов, Назэль, Замира Хатамова, Шерхан четтетилген. Ал эми Саниа өз эрки менен утулуп, долбоордон кеткен.