Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы "Бакай Банк" жана "БТА Банктын" биригүүсүнө уруксат берди

1-октябрда “Бакай Банк” ААКсы “БТА Банк” менен биригүүсүнө уруксат берген Улуттук банктан расмий кат алды. Бул эки банктын реорганизация процессиндеги экинчи негизги бөлүгү.

Биринчиси “Бакай Банкка” “БТА Банктын” акцияларын сатып алууга уруксат алуу эле, бул 2019-жылдын июнь айларында ишке ашкан. Юстиция министрлигинен “Бакай Банктын” жаңы уставын регистрациядан жаңыдан өткөрүү акыркы этап болот.

БТА Банктын” “Бакай Банкка” кошулуусу, акыркы банкты Кыргызстандагы олуттуу финансы институту кылат. Банктын максаты – бардык жагынан мыкты банктар үчилтигинен орун алуу болуп саналат”, – деп билдирди “Бакай Банктын” төрагалыгын башчысы Бакита Мундузбаева.

“Бакай Банк” реорганизациядан кийин жалпы рыноктун 9,7 пайызын ээлеп (2019-жылдын 31-августуна карата) уставдык капиталы боюнча алдыңкы үч банктын катарына кирет. Эки банктын биригүүсүнөн кийин филиалдык тармактары боюнча 4-орунда болот (2019-жылдын июль айына карата).

Эки банктын биригүүсү бардык тараптан алга өсүүсүнө өбөлгө түзөт. Кардарларды тейлөө сапаты жогорулайт, банктын ичиндеги бизнес-процесстерди оптималдаштырат жана банктын ишенимдүүлүгү, кирешеси да жогорулайт. Кардарлар үчүн “БТА Банктын” “Бакай Банкка” кошулуусу оң натыйжа берет, алар келишим боюнча алганын ала беришет жана мындан да көп пайдалуу продукт жана кызматтарга ээ болушат”, – деди “БТА Банктын” төрагаларынын башчысы Аалы Уманкулов.

***

"Бакай Банк" ААКсы - 20 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 70тен ашык сактык кассасы жана филиалдары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан