Ош шаарында башына дрон түшүп кетти делген Ооматбек Абдыкар уулуна жана "Азаттыктын" оператору Айбек Кулчумановго дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Ош ШИИБинин маалымат кызматына байланышканда белгилүү болду.
Маалымат катчы Замир Сыдыковдун айтымында, Ооматбек Абдыкар уулу Ош облустук оорукананын нейротравматология бөлүмүнө кайрылган.
"Ал медициналык экспертизанын жыйынтыгында, ал баш мээсинен жабык түрдө жаракат алган, баш мээнин чайкалышы, баш мээнин оң төбөсүнүн алдында кан уюган жана сыйрылган. Ушул жаракаттар катуу нерсенин таасиринде ал көрсөткөн датада жана жагдайларда пайда болушу мүмкүн. Бул ден соолукка кыска мөөнөттө зыян алып келет
Айбек Кулчумановду медициналык кароо учурунда денесинен эч кандай жаракаттар табылган эмес. Даттануунун негизинде анын баш мээсинин жабыркашы, баш мээсинин чайкалышы текшерилип, тастыкталган эмес. Ошондуктан соттук-медициналык баа берүүгө жатпайт деген жыйынтык чыккан", - деди ал.
Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Айзада Касмалиевага кайрылганыбызда, ал оператор Айбек Кулчуманов Бишкекте дарыланып жатканын айтты.
"Оштогу облустук ооруканага белинен жаракат алды деген божомол менен кайрылышкан. Ал жерден рентгенге түшкөн. Биз ал жерде ден соолугуна жана коопсуздугуна байланыштуу деп Бишкекке алып келгенбиз. Ушул тапта Бишкектеги ооруканалардын бирине жаткырылып, медициналык жардам алып жатат. Тийиштүү анализдери тапшырылды.
Оштогу соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы жөнүндө тергөөчү бизге айта элек, муну тактайбыз. Бирок Оштогу тергөөгө биз Кулчумановдун бул жакта дарыланып жатканы боюнча аныктамасын жөнөткөнбүз. Бишкектеги ооруканага тапшырган анализдер чыга элек, чыкса маалымат берилет", - деди Касмалиева.
28-сентябрь күнү Ош шаарынын аймагында "Азаттык" радиосунун кабарчыларынын катышуусундагы окуя тууралуу Ош ШИИБи маалымат тараткан. Анда окуяга катышкан бир тарап болгон "Азаттык" Ош шаарындагы үйлөрдүн биринин жашоочулары бизге таандык видеокамера менен дронду тартып алды десе, экинчи тарап "үйдүн үстүнөн белгисиз дрон тынымсыз учуп, тынчтык бербестен, менчик үйдү уруксатсыз видеотасмага тартууда, үйдө жашаган адамдардын коопсуздугуна шек келтирип, жеке жашоосуна кийлигишип, алардын өмүрүн коркунучка салууда" деп арызданган.