Сэмюэль Литтл аттуу жаран АКШнын тарыхындагы эң көп киши өлтүргөн мыкаачы деп табылды. Мындай маалыматты АКШнын Федералдык иликтөө бюросу тараткан.
79 жаштагы Сэмюэль Литтл 1970-2005-жылдар аралыгында 93 кишинин өмүрүн алганын моюнуна алган. Алардын көпчүлүгү аялдар болгон. Федералдык иликтөө бюросу анын 50 кылмышка катыштыгы бар экендигин аныктаган. Ал эми калган 43 кылмышты мыкаачы өзү айтып берген. Анын айтканы толугу менен ачылбай келе жаткан кылмыш иштерине дал келген. Кандай жол менен жана кайсы аймакта мыкаачылык менен өлтүргөндүгүн толук сүрөттөп айтып бергени менен, кайсы жылы жана кайсы күнү болгонун так эстей албай койгон. Полиция кызматкерлерин таң калтырганы да, ирээнжиткени да Литтлдин ар бир мыкаачылык ишин эргүү менен айтып бергендиги болгон.
Курмандыгы болгон бир канча аялдын портретин абакта отуруп тартып берген. Ошол сүрөттөрдүн негизинде полиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө. АКШнын Федералдык иликтөө бюросу сайт ачып, ал жакка Литтлдин тартып берген сүрөттөрүн жайгаштырган. Сүрөттөгү аялдарды тааныган жарандар полиция менен кызматташып, тергөө ишин жүргүзүүгө жардам бере алышат. Мыкаачынын курмандыгы болгон аялдардын өлүмү учурунда баңгизатынан улам каза болгон же дайынсыз жоголгон деп келинген. Ал эми айрымдарынын сөөгү бүгүнкү күнгө чейин табыла элек.
Сэмюэль Литтл 2012-жылы Кентукки штатында баңги зат сатуу боюнча кармалган. Тергөө ишинин жүрүшүндө 3 кишинин өлүмүнө күнөөлүү экендиги аныкталып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Үчөө тең аял киши болгон жана кыйноо менен муунтулуп өлтүрүлгөн. Сэмюэль Литтл абакта отурган учурунда буга чейин 90 аялды өлтүргөнүн айтып берген. Анын курмандыгы болгон аялдардын көпчүлүгү баңгизатына көз каранды жана денесин сатып иштеген сойкулар болгон. Өмүр бою эркинен ажыратылганына карабай, полиция кызматкерлери буга чейин ачылбай калган кылмыш ишин иликтеп, мыкаачынын курмандыгы болгон ар бир маркумдун ишин тыкыр изилдөө керек деп билдиришкен.