Айдаркен шаарында добуштар толугу менен саналып бүттү
Баткен облусуна караштуу Айдаркен шаарындагы бардык шайлоо участкаларында добуштар саналып бүттү. БШКнын берген маалыматына ылайык, КСДП - 782 (53,82%), "Бүтүн Кыргызстан" - 250 (17,21%), "Ата Журт" - 159 (10,94%), "Республика" - 148 (10,19%), "Замандаш-Современник" - 71 (4,89%) добуш алса, ал эми баарына каршы 26 шайлоочу (1,79%) добуш берген. Кошумчалай кетсек, Айдаркен шаардык кеңешине шайлоого 4627 шайлоочу каттоодон өтүп, алардын 1404ү (30,34%) гана шайлоого катышкан.