Модель Сусанна Егорян кыргыз бийлигине нааразы экенин билдирди. Анын себебин ал бийлик чыгармачыл адамдарды жана спортчуларды колдобой келгендиги менен түшүндүргөн.
Егоряндын айтымында, ал Эл аралык "Miss Asia World – 2019" конкурсунда Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып, улуттун намысын коргоп, ийгиликтүү кайткан. Бирок ага бийлик тарабынан көңүл бөлүнгөн эмес. Мындан улам модель жарандыгын алмаштырууну көздөп жатат.
Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.
"Мен кыргыз бийлигине абдан нааразымын. Мейли бул жазганым үчүн кээ бири менен сындашсын, кай бири сыйлашсын, мен баарына көнүп бүттүм. Кандай болсо, ошондой жазам. Бийликтин өз элине эч кандай сыйы жок экен. Биринчи жолу Кыргыз өлкөсү Дүйнөлүк сулуулар конкурсунда жеңүүчү аталды. Бул тууралуу жергиликтүү жана дүйнөлүк жаңылыктардан байма-бай айтылып жатты. Бирок мага эч кандай белек, расмий жолугушуу эле эмес, жөн гана рахмат дагы айтып коюшпады”, - деп жазган Егорян.
Анын айтымында, ал бийликтен реакция күткөн, бирок ал күткөндөй жыйынтык болгон эмес.
"Бул тууралуу жазуу уят нерсе. Мейли бирок бийликтин бир аз бети чымырасын. Чыгармачыл инсандар, спортчулар, моделдер, актёрлор көпчүлүгү демилгесиз калып кетүүдө. Биз өлкөнү гүлдөтүү үчүн болгон күч аракетибизди жумшап жатабыз.
Бирок ал эмгегибизди эч ким баалабай жатат. Мындан улам көпчүлүк чыгармачыл адамдар башка өлкөнүн атын таанытып, башка жакта жашап, иштеп жатышат”, - деп кошумчалаган ал.
Буга чейин Сусанна Егорянды Армениянын лентасын тагынып, конкурска катышканы үчүн социалдык тармактын колдонуучулары катуу жемелешкен. Ал эми анын бул кылыгы тууралуу аны сынакка жиберген сулуулук сынагынын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы дагы социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырган.