Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси: "Жол эрежесин бузгандардын 43 пайызы гана айып пул төлөдү"

Жол эрежесин бузгандардын 43 пайызы гана айып пул төлөдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов билдирди. Анын айтымында, учурда 345 миллион сом айып пул төлөндү.

Депутат Дастан Бекешев "унаа айдап баратып, телефон менен сүйлөшкөн айдоочуга 3000 сом айып пулду 1000 сомго кыскартса болобу?" деп сурады.

Азамат Исраилов билдиргендей, унаа айдап баратып телефон менен сүйлөшүүдөн жол кырсыгы көп катталып жатат. Ал адам өлүмүнө алып келе турган жол кыймылынын эрежелерин бузуулар боюнча айып пулдар төмөндөтүлбөй турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан