Бишкек шаарынын ЖЭБи кышка даярбы? Өкмөт башчы жылытуу мезгили башталардын алдында ЖЭБге баш бакты

Калкты мындан ары да жылуулук менен камсыз кылуу маселеси, күз-кыш мезгилинин өтүшү сыяктуу эле маанилүү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көчмө жыйында энергетика тармагынын өкүлдөрүнө кайрылып жатып билдирди.

Өкмөт башчы Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан Бишкек шаарынын ЖЭБ-2си менен таанышты. 1986-жылы бул жерде борборду жылуулук менен камсыздай турган борборлоштурулган жогорку от казан - Бишкек шаарынын ЖЭБ-2син куруу иштери башталган. Учурда жогорку от казан жана Бишкек шаарынын ЖЭБ-2син куруу иштери аяктоо алдында турат. Жогорку от казандын жабдууларынын жана түтүктөрдүн бир бөлүгү Бишкек шаарынын негизги жылуулук электр борборунун муктаждыктары үчүн демонтаждалган.

«Учурда Бишкек шаарынын ЖЭБ-2си кандай болот деген маселе турат. Өз учурунда калкты кошумча жылуулук менен камсыз кылуу үчүн курулган. Ал көмүрдү колдонуу эмес, газ жана мазут менен иштөөгө ылайыкташкан. Учурда бул объектини кантип калыбына келтирүү керек деген маселе турат. Мен бир нече варианттарды даярдоо тапшырмасын бердим. Объектини ишке берүүдөгү негизги принцип – бардыгы экологиялык жактан коопсуз болушу шарт. Учурда Европа өлкөлөрү көмүрдөн баш тартып, газга өтүүдө», - деди өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бир кыйла маанилүү маселе – бул Бишкек ЖЭБ-2нин аймагы. «Советтик мезгилде бөлүнгөн 136 гектар жалпы аянттын ичинен учурда Сокулук районунун балансында болгону 62,2 гектар калган. 2005-жылы жылуулук электр борборун курууга арналган жер өзүм билемдик менен басып алынган. Учурда мыйзамсыз жерде 1000ге жакын үй курулган, анда адамдар жашашат. Албетте, буга стратегиялык объекттин айланасындагы жерди басып алууга жол берген мурдагы бийлик күнөөлүү. Эми биз бул маселени чечип, кайсы курулуштардын кайсынысына болот, кайсы бири мыйзамсыз экендигин аныкташыбыз керек. Алды менен Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 тагдырын чечишибиз керек», - деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы энергетикалык чөйрөнүн жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрүп, алар менен Бишкек шаарынын ЖЭБ-2син ишке киргизүү боюнча пландарды, ошондой эле алдыдагы жылуулук мезгилине энергетикалык объекттердин даярдыгын талкуулады. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, энергетиктер бардык эсептөөлөрдү жүргүзүп, борбор калаадагы ЖЭБ-2нин ишин жандандыруунун бир кыйла оптималдуу жолун табышы керек. Өкмөт башчы шаар үчүн маанилүү энергетикалык объектти өнүктүрүүнүн мүмкүндүктөрүн жана келечектерин терең талдоону тапшырды, бул Бишкек шаарынын энергетикалык тутумун бекемдөө жана борбордо жана анын айланасында экологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн анын потенциалын максималдуу натыйжалуу пайдаланууга багытталат.

Андан соң Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын ЖЭБинин даярдыгы менен таанышып, анда химиялык цех, жаңы блоктордун машина залы жана көмүр түшүрүү механизми менен таанышты. Энергетиктердин айтымында, Бишкек шаарынын ЖЭБи жылуулук мезгилине даяр, объектке жергиликтүү жана импорттук көмүрдү ташуу уланууда. Кампада бүгүнкү күнү 150 миң тонна катуу көмүр бар. Премьер-министр алдыдагы жылуулук сезонуна сапаттуу даярдык көрүү жана өндүрүштүк объектилерди энергетика жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоого тийиштүү бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан