Казакстанда жапайы каман балдар аянтчасына кирип кеткен (видео)

Кечээ, 9-октябрда Казакстандын Переметный айылындагы балдар аянтчасына жапайы каман кирип кеткен. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты. Казак полициясына саат 19:00 чамасында балдар ойногон аянтта камандын жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

"Тартип сакчылары жерине келип, аянтчадан аталган жапайы каманды көрүшкөн. Аны айылдан алыс кетирүү аракеттерин жасашкан. Бирок жапайы каман каршылык көрсөткөндүктөн, атууга мажбур болушкан. Бул тууралуу прокурорго билдирилип, тартип сакчылар 61-берене менен (жаныбарлар өмүргө жана ден-соолукка кооптулук жараткан учурда коргонууга) жараша иш кылганы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Окуяда балдар зыян тарткан эмес.

Казакстанда жапайы каман балдар аянтчасына кирип кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан