"Замандаш" саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов: "Парламентке оппозициялык партиялар келбей калса келечекке чоң таасирин тийгизет". КҮНСОБОЛ

Парламенттик шайлоо жакындап жатат. Жогорку Кеңешке келүү үчүн босоголук чекти төмөндөтүү боюнча сунуштар айтылууда. Депутаттар дагы бул тууралуу мыйзам долбоорун даярдашкан. Бирок мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин палатасына жөнөтүлө элек. Көпчүлүк саясий күчтөр 9 пайыздык босоголук чектин жогору экенин айтып жатышат.

SUPER.KG порталы "9 пайыздык босого чекти калтыруу өтө опурталдуу экенин эскерткендер көп болууда. Бул чектен өтө албай, Жогорку Кеңешке оппозициялык күчтөр келбей калса, бийликтеги тең салмактуулук бузулбайбы?" деген собол салды.

"Замандаш" саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов канчалык көп партия шайлоого барса плюрализм орнойт деген пикирде.

"Мамлекеттик бийликке туруштук берген, конструктивдүү сунуштарын айткан оппозиция сөзсүз түрдө керек. 9 пайыздык босого чеги опурталдуу. Экинчи жагы бар 9 пайыздык босоголук чек оппозициялык күчтөрдү бир жерге жыйнашы мүмкүн. 9 пайыздык босого менен өтпөй турганын билип, оппозициялык топтор биригүү жолуна түшүшү мүмкүн. Бул дагы жакшы көрүнүш болот деп ойлойм. Парламентке оппозициялык партиялар келбей калса келечекке чоң таасирин тийгизет. Босоголук чекти 5 пайызга чейин түшүрүү керек. Канчалык көп партия, көп саясий күчтөр шайлоого барса плюрализм орнойт", - дейт Молдокматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан