КИНОЗАЛ: Жаңы концерт! Ретро ырлар жаңырган 60`К тобунун концерти SUPER.KG порталында

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө 60`К тобунун "Атамдын жолун уладым, элиме ырымды сунамын" аталышындагы жеке концерти жүктөлдү. Концерт 2018-жылы 6-октябрда Спорт ордосунда өткөн.

Концертте ырчы мырза атасы Алтымыш Кадыровдун ырларын мындан тышкары, ретро жана жаңы чыгармаларды аткарган.

"Концертке 4-5 ай даярданып, жакындарымдын, досторумдун, жердештеримдин колдоосу менен ийгиликтүү өткөрүп алдым. Билеттерди мурда эл кассадан алып кетишчү. Азыр жеткирип бериш керек экен. Убакыттын көбү билеттерди жеткиргенге кетти.

Концерттин алдында бир аз кыжаалат болдум. Анткени куудул Тынар Курбаналиевдин жакын адамы каза болуп келе албай калды. Андан кийин Бек Борбиев келе албайм деп телефон чалды. Концерт башталып, сахнада ырдап жатсам көшөгөнүн жанында Бек Борбиев турат, көрсө ал мени тамашага салып коюптур. Жалпысынан 2 жарым 3 саатка жакын созулган концертте элим ыраазычылыгын билдирип кайтышты", - дейт ал.

60`К тобунун концертинин алып баруучулары "тамашоучулар" Мурат Жалиев жана Кадыр Жарматов болушкан. Ал эми ырчылар Бек Борбиев, Урмат Усенов, Нэля, Айя Садырова, Султан Садыралиев, Ильяз Абдыразаков, Нурлан Насип, Элиза Орозова конок болушкан.

60`К тобунун "Атамдын жолун уладым, элиме ырымды сунамын" концертин көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан