Бишкекте ооруканага кеткен өспүрүм кыз дайынсыз болуп изделип жаткан. Ал аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилгенин Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май РИИБине М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 14 жаштагы кызы М.А. 11-октябрь күнү эртең мененки саат 07:10 чамасында ооруканага кеткен бойдон кайра кайрылып келбегенин айткан.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери башталган. 12-октябрда саат 15:00 чамасында милиция кызматкерлери изделип жаткан өспүрүмдү аман-эсен табышкан. Өспүрүмдөр менен иштеген инспектор ага профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.