"Кыргызстан сулуусу-2019" сынагында нарындык бийкеч таажы тагынды

Кечээ, 12-октябрда "Кыргызстан сулуусу-2019" сынагынын финалдык бөлүгү жыйынтыкталды. Финалда 17 сулуу таажы үчүн ат салышкан. Сулуулар сынагында 21 жаштагы Айжан Чаначева (Нарын) жеңишке жетишип, ушул жылдын 14-декабрында Лондондо өтө турган "Дүйнө сулуусу-2019" сынагына катышууга жолдомо алды.

Жеңүүчүгө таажыны "Кыргызстан сулуусу-2018" сынагынын жеңүүчүсү Эльмара Буранова кийгизди.

Айжан Чаначева Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинин 1-курсунун студенти. Ал англис, испан жана түрк тилдерин билет.

"Биринчи вице-сулуу" наамына Талас облусунун өкүлү - 18 жаштагы Саадат Курманбекова ээ болду.

"Экинчи вице-сулуу" наамын Ысык-Көл облусунан келген 18 жаштагы Айганыш Кубанычбекова ээледи.

"Спорт сулуусу" наамы Баткен облусунун катышуучусу 18 жаштагы Алина Осмоновага ыйгарылды.

Бишкек шаарынын өкүлү 19 жаштагы Ангелина Гаранина "ORO сулуусу" наамына ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
Ma9
2019-10-13 14:13:42
Баткен кызы сулуу экен Нарындык кыздын макияжын бузуп бойоп койгон окшойт анча эмес экен
+5
Mister-X
2019-10-13 14:21:43
Сулуулук сынагында коррупцмя аралашканынан улам, башка сулуу кыздар катышуудан баш тартса керек. Озунун баркын, денгээлин тушургусу келбейт да.
Жолдон отцп бараткан кыздарды эле катыштырып койгондой болуп атат.

+6
aslonur
2019-10-13 14:28:07
Нарын чон тамга менен жазылбайбы?
0
erlan2196
2019-10-13 15:05:25
Сулуу кыздар гана дуйнону озгорто алат. Кыздардын сулуу эрктуу болгону жакшы.
+1
tynara81
2019-10-13 15:44:51
Нарындык түзүк эле экен. Баткендик кыз, анан орус кыз сулуу экен. Биринчи вице- сулуу болгон Таластык кыз сулуу деле эмес экен. Балким башка критерийлерине карап тандалгандыр.
+4
ainura220888
2019-10-13 15:47:42
Баары эле 18жашта экен мендей корунушотго.
+2
nazarnew
2019-10-13 18:01:16
Чаначева маймылга окшош го, Алина баарынан сулуу болуп турат, ХХХХ неге кошуп койгон бул жака, Алина алыш керек болчу.
+2
katerina.li
2019-10-13 18:24:04
Таарынбагыла,кыкендер. Баарынан сулуу Ангелина экен. Правильные черты лица у нее.
+3
Bak.taalai
2019-10-13 20:12:58
katerina.li,чынында, созуно кошулам мен да ошону ойлоп аткам.
+4
KaGaH
2019-10-13 21:42:10
katerina.li,Европейкалар сулуу болушат туура,бирок мен кыргыз кыздардын сулуулугуна суктанам,ичкен сууга түкүрбөйлу
0
Kamchybek-007
2019-10-13 19:21:48
Коррупция
+3
Isikkolumkeremet
2019-10-13 23:02:23
Жеке эле сулуулукта эмес да.кругозорду текшерип суроо беришкендир комиссия.анан уткандыр .баткендик суротко тушчудой зынкыйып тургандыр ...ай ким билет
-1
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-10-13 23:02:23
Баткендик кыз сулуу экен.Чаначева фамилиясы сонун го)
0
Sonyasonya
2019-10-14 00:05:21
Сырткы сулуулугунан алыс кете албайсынар го?! Бул жакта бир гана келбет эмес,билимине,талантына,озун публикада алып журушуно,дуйно таанымына дагы баа берилет,кыргыз тили мн кошо 5тил билсе,менин оюмча оной кыз эмес,аракетчил,акылдуу. Эл аралык денгээлде да жакшы жыйынтык корсотот деп ишенем. Башка бирооно сын тагаарда,озунорду да бир кузгудон карап койсонор жакшы болмок. Ийгилик каалай албасан,жакшы соз айта албасан эч нерсе деп жазбагыла. Окуп Гана чыгып кеткиле!
+1
Tiken
2019-10-14 02:19:14
Ангелина менен Баткендин кызы сулуу экен, алдынкы эки местаны экооно берсе болчу экен. Тааныш-билиш, коррупция болгону даана корунуп турат. Чындап эле калгандары мисс деген атка татыктуу эмес эле табак беттер экен... Комментарий жазган копчулук калыс ойлорун билдиришиптир, демек калк айтса калп айтпайт!!!
0
Aynura87
2019-10-14 05:58:15
Айжан супсулуу элекен. Биринчилике татыктуу. 5тил билиш онойбу. Азаматсын. Сулуулугундай эле жан дуйноонда сулуу болсун.
-1
al-abu-kinesz
2019-10-14 11:45:54
Ангелина Гаранинага беришсе болмок. Лондонго барса утууга шанс кобуроок болмок Нарындык кызга караганда.
Р.S. Эн жакканы мага Баткендик болду.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан