АКШда эл аралык Азия тасмаларынын фестивалы өтөт. Анда Хүррем султандын ролу менен белгилүү болгон актриса калыстык кылат

АКШнын Калифорния штатында 6-ноябрдан 14-ноябрга чейин жыл сайын өтүүчү эл аралык Азия тасмаларынын фестивалы орун алат. Азия тасмалары фестивалына 50дөн ашык мамлекеттин тасма жаратуучулары катышат.

Фестивалда калыстар тобу 5 категориядагы жеңүүчүлөрдү аныктайт. Алар: "Мыкты тасма", "Мыкты актёр", "Мыкты актриса", "Калыстардын атайын белеги" жана "Калыстардын белеги". Ал эми "Ак илбирс. Кинематография жаатындагы жетишкендиги үчүн" наамы япониялык актёр Хироюки Санадага берилет дейт уюштуруучулар.

Бул жолу фестивалда калыстык кылчулар Мерьем Узерли (Түркия, Германия), Гука Оморова (Казакстан) жана Киу Чинь, Сара Финн, Жерем Каган, Тин Тин Сюй, Ирис Ямашита.

Эл аралык Азия тасмаларынын фестивалы Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан негизделип, быйыл бешинчи ирет өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан