Японияда 13 префектурада 100 миңден ашык үйлөр «Xaгибиc» тайфунунун кесепетинен жарыксыз калды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, булардын 50 пайызы Токиодо калгандары ага жакын префектураларда жайгашкан. Электр чубалгыларын калыбына келтирүү иштери ушул жуманын ортосуна чейин уланары пландалып жатат. 12-октябрда «Xaгибиc» тайфуну Япониянын Хонсю аралына түшкөн. Анын кесепетинен 33 адам курман болгон. Дагы 16 адам дайынсыз жоголгон.