Японияда 12-октябрда "Хагибис" тайфунунун алдында асман өзгөчө кызгылт көк түскө өзгөргөн. Бул көрүнүштү Токионун жашоочулары сүрөткө тартып, социалдык тармактарга тараткан. "Асмандын өңү кочкул кызылдан тарта кызгылт көк өңгө боёлду. Булуттардын мындай түстө болушу ажайып кооз болуп көрүнөт экен. Ошол эле учурда кандайдыр бир жашыруун коркунучту күтүп жатабыз", - деп жазышкан социалдык тармакка Токионун жашоочулары.
Сүрөттүн алдында миңдеген жашоочулар комментарий жазып калтырышкан. Айрымдары бул көрүнүштү анимеге окшоштуруп, "бороон алдындагы тынчтык" деп аташкан.
Ал эми дагы бир колдонуучу "Япон элинин коопсуздугу үчүн сыйыналы" деген билдирүү калтыргандан кийин 2 сааттын ичинде Токиону тайфун каптаган.
12-октябрда "Xaгибиc" тайфуну Япониянын Хонсю аралына түшкөн. Анда шамалдын ылдамдыгы секундасына 41,5 метрге жеткен. Анын кесепетинен 33 адам курман болгон. Дагы 16 адам дайынсыз жоголгон.