super.kg logo
«Жылдын супер клиби»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Окуучу кыз: "Мектепке бара жатсам бейтааныш эркек киши подъездге алып кирип, зордуктоого аракет жасады"

 

Акыркы учурларда өспүрүм кыздарга жана аялдарга болгон зордук-зомбулук көрсөтүү темасы абдан курч айтылып келгенине карабастан, сексуалдык мүнөздөгү кылмыштардын саны күн санап өсүүдө. Бүгүнкү каарманым 17 жашта 11-класстын окуучусу. Аны 2019-жылдын 8-октябрда эртең мененки саат 09:00 чамасында Кант шаарында ал окуган мектепке жакын жайгашкан үйлөрдүн жанынан белгисиз адам зордуктоого аракет жасаган.

"Мен 17 жаштамын Кант шаарындагы №4 мектеп гимназиясында окуйм. Бул окуя шейшембиде 8-октябрда болду. Мен мектепке бара жатып, жолдон дүкөнгө кире кетейин дегем. Ошол жакта үйдүн алдында бир киши турган экен. Ал мени токтотуп колундагы телефонун берип мага SMS жаз деди. Мен жок дедим. Ал мени колумдан кармап подъездге тартып жөнөдү. Мен жардам сурап кыйкырып жаттым, бирок көчөдө да, подъездде да эч ким жок экен. Кыйкырсаң өлтүрөм деп оозумду колу менен жаап салды. Мен болбой эле кыйкырып жаттым, мени чечиндирип, өзү да чечине баштады. Бир убакта үстүңкү кабаттан батирлердин биринин эшиги ачылды, ал мени кийин деди дагы өзү кийинип, сыртка алып чыкты. Үйдүн астында отургуч бар болчу. Ал жерге отургузуп менден "Атың ким? Каякта жашайсың? Эмнеге мени укпай жатасың?" деп сурай баштады. Ошол учурда аллеядан бир аял өтүп баратты. Эже мени зордуктаганы жатат жардам бериңизчи десем, кайдыгер мамиле жасап койду. Аргам кетип кыйкырдым, ошондо ал эже артка карап, "эмне кылып жатасың" деп ал кишиге кайрылды".

"Ошол эркек киши эже менен сүйлөшүп жатканда мен качып кеттим, мектепке жетип эле апама чалдым. Окуяны айтып бердим. Терезеден карасам ал мени мектептин айланасынан издеп жатыптыр. Эжем, агам келди. Мени машинага калтырып аны издей башташты. Алтынчы үйдүн жанынан кармашыптыр. Агам менен мушташып, өзүнүн телефону калып, агамдын телефонун алып качып кетиптир. Ал учурда эжем аны сүрөткө тартууга жетишип калган."

Окуучу кыз окуя боюнча милицияга арыз жазылганын, бирок кылмышка шектүү жаран дагы деле эркиндикте экенин билдирди.

"Баарынан мени таң калтырганы мектепте мугалимдер, директор жана окуу бөлүмүнүн башчысы тескерисинче ачык кийинет деп бул окуяда мени күнөлүү кылып көрсөткүсү келиптир. Эч кимдин башына салбасын, бирок кепилдик жок. Мен баарын чакырат элем, ушундай окуяларга күбө болгондор жардам сурагандарга кайдыгер карабагыла. Өзүңөр жардам бере албасаңар, башка бирөөнү чакырып койгула.

"Милицияга арыз жаздык апам, агам, эжем баарыбыз сурак бердик. Аны дагы деле кармаша элек", - деди ал.

Бул окуя боюнча иштин жүрүүсүн тактоо үчүн Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына байланышканыбызда маалымат кызматы окуяга жооптуу тергөөчү телефонго жооп бербей жатканын айтты.



"Подъездге алып кирип зордуктамакчы болду" дейт окуучу кыз

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
16.10.2019. 10:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
253
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
13-11-2019 10:43
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кыргыз эмес го дейм, жаман уйду коногу бийлейт дечу беле бизде.
16.10.2019. 11:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1672
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
13-11-2019 09:49
Жынысы:
Белгисиз
+2
негизи карындашым узунураак кийинсен мындай иш болбойт беле деп ойлойм, кыска кийингенге коп эркектер асылат, тиги неме да эртерээк табылып жазасын алсын, мындан кийин узунураак кийинип жургун
16.10.2019. 11:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
668
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
13-11-2019 07:42
Жынысы:
Белгисиз
+7
kechirmeni,маньяктар кичинекей 9-10 жаш кыздарды,узун кийген кемпир чалдарды зордуктай берет. Анан эркектер кылгылыкты кылып коюп "узун кий"деп акыл уйротосунор
16.10.2019. 14:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
938
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
13-11-2019 08:26
Жынысы:
Белгисиз
+7
Анын эмне бетин бекитесиңер
16.10.2019. 19:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
148
Катталган:
23-12-2016
Соӊку аракети:
12-11-2019 23:48
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кылмышке бийликтегилердин туунаны экенби не жузун жаап койдунар эл корсунда жабыркагандар болсо айтышсын
16.10.2019. 21:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
379
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
13-11-2019 09:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Капа болбо карындашым, бизде качан зордуктап өлтүрүп көмүп койгондо издеп чыгышат. Аллах сактаптыр сени. Көп ачык кийинбей, жалгыз жүрбө.
17.10.2019. 01:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
05-06-2018
Соӊку аракети:
12-11-2019 20:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ бетини корсоткуло айланайындар,биз да коруп калсак чалабыз милицияга!!!
Super TV
17.10.2019. 08:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
166
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
31-10-2019 17:02
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура, 11-класста окуса колунда кыпкызыл лак, оозунда кыпкызыл помада, чачы жайылган. Мектепте мугалимдерди укпай оз билгенин кылган кыз корунот. Кудай сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133550;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: