"Туулган күнүмдү жылдагыдай сүйүнүп күткөн жокмун" дейт 32 жашка чыккан ырчы Каныкей

"Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" Каныкей бүгүн, 16-октябрда 32 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышканыбызда бул жылы туулган күнүн өтө деле күтпөгөнүн, кечинде эч кандай майрамдык кече уюштурбай турганын билдирди.

"Биринчи болуп жолдошум куттуктады. Азыр деле жакындарым куттуктап жатышат. Эми башка жылдардагыдай болуп туулган күнүмдү аябай деле күткөн жокмун. Муну мен эки баланын апасы болгонума, бир аз башкача ойлоно баштаганымдан кабар берсе керек. Айтаарым жөн эле жашоодон ырахат алып, жыргап, сүйүнүп жашай бергиле демекмин. Ал эми кечинде деле конок чакырып, майрам өткөрбөйм. Азыр күнүм кадимкидей эле өтүүдө, жумушта, үйдө дегендей", - дейт ал.

Каныкей Алымбекова 1987-жылы Токмок шаарында туулуп, ошол эле жактагы №9 мектепти аяктаган. Ыр дүйнөсүнө 2005-жылы "Поющий город" сынагына катышкандан кийин аралашып, 2006-жылдан баштап "Каныкей" продюсердик долбоорун түзүп, иштей баштаган.

Ырчы 2014-жылы турмушка чыккан. Ырчы бир уул бир кызды тарбиялап келет.

16-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан