super.kg logo
«Жылдын супер клиби»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Чет өлкөдө каза болгон жарандардын сөөгүн алып келүү үчүн берилген компенсацияны 100 миң сомго көтөрүү сунушталды

 

Депутат Кубанычбек Нурматов чет өлкөдө жүрүп каза болгондорго төлөнүүчү компенсацияны 100 миң сомго көтөрүш керек экендигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Чет жакта каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн алып келүү үчүн бир топ акча каражаты жумшалат. Бул учурда ал жактагы жарандар жана диаспора акча чогултушат. Андыктан маселени карап чыгып, компенсациянын көлөмүн көбөйтүү керек", - деди Нурматов.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов акыркы 9 айдын ичинде Орусиядан 211 адамдын сөөгү жүк-200 менен келгенин айтты.

"Бул маселе көптөн бери айтылып келе жатат. Эми депутаттардын сунушу менен компенсациянын көлөмүн 100 миң сомго көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгабыз. Бирок бул нерсени бюджетке киргизүү маселеси бар",- деди ал.

Миграция кызматы чет өлкөдө каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүүгө 50 миң сомдон берилип жатканын билдирген.

Бүгүн Жогорку Кеӊештин жыйынында "Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
16.10.2019. 16:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
680
Катталган:
09-11-2015
Соӊку аракети:
12-11-2019 18:58
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бюджетке киргизуу маселеси жук 200го 50 000 сом аяп жатасынарбы? Той топур маараке болгондо аябайт эленер.
16.10.2019. 18:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
251
Катталган:
18-10-2016
Соӊку аракети:
13-11-2019 09:08
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кечээ жакында 4 чү октябрьда Москвада бир 21 жаштагы мекендешибиз крышадан кулап каза болду. Ага 50миң сом берилмек түгүл, жакындары тескерисинче 80миң рубль посольствага топтоп беришти го. Документ анан Бишкекке чейин жеткизүү үчүн
16.10.2019. 19:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
02-07-2015
Соӊку аракети:
12-11-2019 10:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажиктер болсо жүк 200 дү бекер алып кетишет , мамлекет өзү көтөрөт экен
16.10.2019. 19:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
02-02-2017
Соӊку аракети:
13-11-2019 00:11
Жынысы:
Белгисиз
+4
50 мин сомду да бергинер келбейт как будто чонтогунордон бере тургансып а эгер ЖК ке кресло алыш керек болсо миллиондон суйлойсунорго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133550;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: