КҮНСОБОЛ: Салянова Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин айтты. Ал 2 айдан ашуун тергөө абагында кармалып, Атамбаев камакка алынгандан кийин үй камагына чыгарылган. Учурда колдонулуп жаткан тергөө менен кызматташуу иши опурталдуу эмеспи?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Ушул жылдын 3-июнунда Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакка алынып, 15-августта үй камагына чыккан. Ички иштер министрлиги Салянованын баш коргоо чарасынын өзгөртүлүшү боюнча мурдагы башкы прокурор тергөө менен кызматташуу ниетин билдирген деп түшүндүргөн. Кечээ, 15-октябрда мурдагы башкы прокурор Аида Салянова экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин айтты.

SUPER.KG порталы "Салянова Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин айтты. Ал 2 айдан ашуун тергөө абагында кармалып, Атамбаев камакка алынгандан кийин үй камагына чыгарылган. Учурда колдонулуп жаткан тергөө менен кызматташуу иши опурталдуу эмеспи?" деген собол салды.

АСАНОВ: "Салянова көп нерсени билет, анын айтканы далил болот"

Саясатчы Бектур Асанов Салянованын айтканы кынтыксыз далил боло турганын айтты.

"Тергөө менен кызматташуу дүйнөлүк практикада колдонулуп келет. Тергөө менен кызматташуу деген түшүнүк 2019-жылдын башында күчүнө кирген Жазык кодексинде каралган. Менин оюмча бул аябай керек нерсе. Себеби бул кылмыштын ачылышын жеңилдетет. Салянованын каршы көрсөтмө бергени туура эле болду. Ал көп нерсени билет. Ошондой эле Индира Жолдубаеванын, Шамил Атахановдун айтканы кынтыксыз далил болот", - дейт Бектур Асанов.

ЧОЛПОНБАЕВ: "Тергөө менен кызматташууда бир адамдын көрсөтмөсү толук далил болуп бере албайт"

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев белгилегендей, жалгыз адамдын көрсөтмөсү толук далил болуп бере албайт. "Тергөө менен кызматташууну опурталдуу деп айтса да, айтпаса да болот. Тергөө менен кызматташууда жалгыз бир адамдын көрсөтмөсү далил болуп бере албайт. Мыйзамда жазылгандай, судья чечим чыгарарда далилдердин бардыгын толук изилдеп, бири-бири менен салыштырып, жыйынтыкка келиши керек. Салянованын көрсөтмөсү башка соттолуучулардыкына туура келсе, көрсөтмөгө ишенсе болот", - дейт Мукар Чолпонбаев.

ТАЛГАРБЕКОВ: "Салянованын Атамбаевге каршы көрсөтмө берген кадамын колдойм, эл чындыкты билиши керек"

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков тергөө менен кызматташуу иши эч кандай опурталдуу эмес деген ойдо.

"Аида Салянованын бул кадамын колдойм. Себеби эл чындыкты билиши керек да. Мурда эле ачыгын айтса болмок. Бирок кеч болсо да чындыкты айтканы жакшы болуп жатат. Чынын айтканда, Батукаевдин чыгарылып кетиши жөнөкөй катардагы окуя эмес. Бул кыргыз элин шылдыңдоо жана мамлекеттин эл аралык кадыр-баркына өтө чоң доо кетирген окуялардын бири.

Бул боюнча соттун жүрүшү, чечимдери бардыгы ачык болушу керек. Эгерде соттук иштер жабык өтө турган болсо, коомчулукта чоң күмөн пайда болот", - дейт Бекболот Талгарбеков.

БУЛАТОВ: "Батукаев бошотулганда Салянова Жогорку Кеңеште жактоочудай болуп сүйлөгөн"

Укук коргоочу Качкын Булатов Салянова Атамбаевге айласыздан каршы көрсөтмө бергенин айтты.

"Батукаев бошотулганда Салянова башкы прокурор болуп туруп жактоочудай болуп сүйлөгөн. Ошондо ал бул кылмыш ишти жашырып койгон. Бул чоң кылмыш. Кечээ уялбай "мен Атамбаевге каршы көрсөтмө бердим" деп айтып жатат. Бардыгы сотто ачык билинет. Аида Салянованын дагы чоң күнөөсү бар деп эсептейм", - дейт Булатов.

АЛМАЗ ТАЖЫБАЙ: "Тергөө менен кызматташкан адамдын сот алдындагы жоопкерчилиги жана абалы жеңилдейт"

Саясий серепчи Алмаз Тажыбай тергөө менен кызматташкан адамдын сот алдындагы жоопкерчилиги жана абалы жеңилдейт деген ойдо.

"Ошол учурда кримтөбөлдөрдү ким колго алып турганын баары билген. Ошондуктан көз жумуп туруп коё беришти да. Демек, бул иштин алкагындагы шектүүлөр кылмыштык топко айланган. Аида Салянова каршы көрсөтмө берип, тергөө кызматына жардам берип жатат. Жаңы кодекске ылайык, жарандарда мындай укук бар. Бул дүйнө жүзүндөгү практика болуп саналат. Ал эми демократиялык мамлекеттерде илгертен бери келе жаткан процедура. Алсак, АКШда Аль Капонени отургузуу үчүн жактоочусу ага каршы көрсөтмө берген. Эгер ал бул кадамга барбаса, алар менен бирге жазасын алмак. Кыргыз өлкөсүндө тергөө менен кызматташуу жаңы ишке кире баштады. Бул опурталдуу да, кооптуу дагы эмес", - деди серепчи.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан