"Биринчи жолу жубайым менен вальска түштүм". Комузчу, ырчы Азиз Батыров үйлөндү

Дастанчы, комузчу, ырчы Азиз Батыров 7-октябрь күнү 7 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн кызына үйлөндү. "Жубайым Максатай, Баткендин кызы, өзү дагы комузчу", - деген Азиз Батыров жакшы кабары менен төмөнкүчө бөлүштү.

"Заманбап тоюбуз борбор калаадагы ресторандардын биринде өттү. Тойго биздин аттуу-баштуу ырчылар, ошондой эле өзүм чыгармачылыкта тапкан чет өлкөлүк досторум да конок болуп келишти. Өкүл ата, өкүл апа кылып Кыргыз Эл артисти Роза Аманованы жолдошу менен шайладык. Ал менин устатым болгондуктан аны тандадым. Үйлөнүү тоюбуз мен ойлогондой болду. Көпчүлүгү тойду кыргыз колоритинде болот деп ойлошуптур, бирок меники андай болгон жок. Жаштардын өзгөчө тою болду. Ошондой эле биринчи жолу жубайым менен вальска түштүм. Тойдо өзгөчө болсун деп жар-жарды "Маржан" тобунун 8 кызы ырдап, бизди киргизишти. Азыр Ош шаарындабыз. Жубайым өзүнүн келиндик милдетин аткарып жатат. Буюрса менин мектебимде эле комузчу болуп иштейт. Экөөлөп ал мектепти өнүктүрүп, өстүрөлү деген пландарды койдук", - дейт ырчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Margana93
2019-10-17 17:04:35
Бактылуу болгула
+5
J1irg
2019-10-17 17:32:54
Жубайы жакшынакай экен
+4
Wibee
2019-10-17 17:47:37
Сенго бийге тушупсун мен уйлонгондо биринчи жолу коргонмун☺☺☺
+13
Aidar.001
2019-10-17 18:10:33
Озбек улутундагы Кыргызстандын эн патриот жигити ушул бала, ар дайым бактылуу болгула!
+11
Acord
2019-10-17 18:51:50
Бактылуу болгула
+4
Ziregim
2019-10-18 01:35:57
Окшошкон жандарым десе, батыраак борборго келгиле сагындым!
+1
miss2014
2019-10-18 07:55:10
Бактылуу болгула
+1
nur72
2019-10-18 11:52:16
Азиз бактылуу болгула көп жашап, көп балалуу болгула
+1
melissa-ba
2019-10-18 16:00:24
Молодец))ото жакшы бала..бир мектепте окуганбыз..мага да коп жардамы тийген ..балдар тийишсе эле Азиз байке деп айтып койсом эртесе балдар тынч журуп калышчу..ата энем озбек болсода мен кыргызмын деп калчу))бактылуу болунуздар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан